Аалы Карашев, Улукбек Марипов, Мелис Мырзакматов өкмөттү жетектөөдөн баш тартты

13:37, 29 января 2021, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңеште премьер-министрлик кызматка талапкерлер каралууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Парламенттин депутаты Аалы Карашев, Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов жана Ош шаарынын мэри Мелис Мыкзакматов өкмөттү жетектөөдөн баш тартышты.

Коалициялык көпчүлүк вице-премьер-министр Артем Новиковдун талапкерлигин да кароодо.

Өкмөт башчылыкка УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы көрсөтүлүшү күтүлүүдө.