Караколдо жеңил унаа Жыргалаң суусуна түшүп кетти

10:13, 29 января 2021, Бишкек - 24.kg

28-январь күнү Каракол — Түп унаа жолунун 13-чакырымында Volkswagen Golf-" үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай Жыргалаң суусуна түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу жабыркаган. Куткаруучулар жеткенге чейин айдоочуну жолдон өтүп бара жаткан жарандардын жардамында Ысык-Көл облустук ооруканага жеткирилген.