COVID-19. Бир суткада 74 кишиден вирус аныкталып, бирөө каза тапты

09:45, 29 января 2021, Бишкек - 24.kg

Бир суткада 74 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 53, Ош шаары — 1, Чүй облусу — 11, Ош облусу — 5, Талас облусу — 1, Нарын облусу — 1, Жалал-Абад облусу — 2 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болгонду.

Март айынан бери 84 миң 377 киши вируска чалдыгын, 1 миң 409 бейтап көз жумду.