19:27
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Садыр Жапаров эл аралык уюмдардын башчылары менен жолугушту

Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда, эл аралык уюмдардын башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма соз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши, Эл аралык Түрк академиясы, ТүркПА, ТҮРКСОЙ, Европа Бирлиги, АӨИЧК, ЖККУнун КМШ Аткаруу комитети, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы жана Евразия өнүктүрүү банкынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Садыр Жапаров Кыргызстан буга чейин жетишилген эки жана көп тараптуу келишимдерге ылайык, бардык эл аралык милдеттенмелерди ак ниеттүүлүк менен аткарып келгендигин жана мындан ары да аткара берерин баса белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар