15:29, 28 января 2021, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ЖМКларда «Аэрофлот» авиакомпаниясы бир катар эл аралык аба каттамдарын токтоткондугу тууралуу тараган маалымат боюнча билдирүү жасады.
ЖМКларда аталган авиакомпаниясы 2021-жылдын 28-мартынан 30-апрелине чейин Москвадан 80 шаарга, анын ичинде Бишкек жана Ошко болгон каттамын токтоткондугу жарыяланган.
Министрликтен билдиришкендей, мындай чечим күн сайын абага көтөрүлгөн каттамдарга гана тиешелүү.
«Москва-Бишкек багыты боюнча каттамдар мурунку режимде улантылат. Бүгүнкү күндө «Аэрофлот» авиакомпаниясынын учактары жумасына бир жолу жума күндөрү Москва-Бишкек-Москва багыты боюнча учууда. Ошондой эле күн сайын чартердик каттамдар Москвадан Бишкек, Ошко жүрүүдө. Мындан сырткары, ушул эле авиакомпаниянын чартердик каттамдары Бишкек, Оштон Россиянын башка шаарларына да учууда», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын учактары жумасына бир жолу Бишкек-Москва-Бишкек каттамы боюнча жүрүүдө.