Президент Садыр Жапаров Эски аянттагы Өкмөт үйүндө иштейт. Ал Улуттук филармонияда өткөн инаугурациядан кийин жумуш ордуна келди.
Аны Өкмөт үйүнүн алдында парламенттин төрагасы Талант Мамытов, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков тосуп алды.
Садыр Жапаров бүгүн расмий түрдө президенттик ишине киришти.