Президенттин инаугурациясына Сооронбай Жээнбеков, Роза Отунбаева катышууда

11:08, 28 января 2021, Бишкек - 24.kg

Президенттин инаугурациясына экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаева катышууда. 

Андан тышкары залда парламенттин спикери Талант Мамытов дагы бар. 

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун жыйынтыгын жарыялап, Садыр Жапаровго президенттин төш белги, штандарттын тапшыруу буйругун окуду.