USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Анжелика Кайратова: Үч кызым тең үч башка ооруканада дарыланып жатат

11:10, 27 января 2021, Бишкек - 24.kg

Ырчы Анжелика Кайратова өзүнө келип instagram баракчасында билдирүү калтырды. Ал кичүү кызы Айлин менен бир палатада жатканын айтат.

Анын айтымында, кыздары Айыма менен Элима башка ооруканаларда дарыланууда.

«Айыманын бели, колу сыздатып ооруп жатат. Үчөөбүз үч башка ооруканада. Кырсыктан кийин белим чачырап кетсе дагы, кыздарымды коркутам деп кыйкыра албалдым. Элиманын көрүп коркуп кеттим, бети башы көгөргөн шишиген болчу. Түптүн ооруканасынан Айлиндин тизеден өйдө балта менен кескендей көрүнүш кызымдын буттары экенине ишене албадым», — дейт Анжелика.

Анжелика Кайратова 24-январда Ысык-Көлдө авто кырсыкка учураган.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика