09:59
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 21 жаштагы жигит каза болуп, 8 адам жабыркады

Кечээ, 26-январда Каракол — Бөкөнбаев — Балыкчы унаа жолунун 11-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, BMW 525 жана Subaru Legasy үлгүлөрүндөгү унаалары кагылып, кырсыктын кесепетинен 2000-жылы туулган жаш бала каза болуп, 8 адам жабыркаган. Учурда алардын аты-жөндөрү такталууда.

Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган жарандарды тез жардам кызматы аркылуу Каракол шаарындагы облустук ооруканага жеткирилген. Маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар