Жаңы конституция боюнча премьер-министр өкмөттүн төрагасы аталат

13:12, 26 января 2021, Бишкек - 24.kg

Жаңы конституция боюнча премьер-министр өкмөттүн төрагасы аталат. Бул тууралуу конституциялык кеңешменин жетекчиси Бекбосун Бөрүбашев билдирди.

Анын айтымында, өкмөт башчысы президенттик администрацияны дагы жетектейт.

«Мындай өзгөрүүнүн биринчи себеби — биз президенттик башкарууга бара жатабыз. Андыктан президент өзү өкмөттү жетектейт. Экинчиден, баардык иштер президенттик администрация аркылуу чечилет. Бул эки бийликтин орношуна жол тосот», — дейт ал.

Конституциянын жаңы долбоору иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.