18:03
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Садыр Жапаров Россияга иш сапар менен барат. Ага даярдык көрүлүүдө

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Россия Садыр Жапаровду кабыл алууга даяр эмес делген маалыматка жооп берди.

Айтымында, Садыр Жапаров алгачкы иш сапарын Россиядан баштоону көздөп жатат.

«Бул багытта жумуштар аткарылып жатат. Россия тарап менен бирге иш сапардын күнү жана мазмуну такталууда. Россия Садыр Жапаровду кабыл алууга даяр эмес делген маалымат чындыкка дал келбейт. Коомчулукту чагымчыл билдирүүлөргө ишенбей, расмий түрдө такталган маалыматтарга ишенүүгө чакырам», — деди Галина Байтерек.

Эң көп окулган жаңылыктар