COVID-19. Бир суткада 97 кишиден вирус аныкталып, бирөө каза тапты

10:37, 26 января 2021, Бишкек - 24.kg

Бир суткада 97 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 42, Ош шаарында — 2, Чүй облусу — 40, Талас облусу — 2, Нарын облусу — 2, Ысык-Көл облусу — 6, Жалал-Абад облусу — 2, Баткен облусу — 1 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында бир бейтап каза болгонду.

Март айынан бери 84 миң 068 киши вируска чалдыгын, 1 миң 402 бейтап көз жумду.