Мончодогу зордуктоо. ИИМ Орусияга расмий кат жолдоду

12:09, 25 января 2021, Бишкек - 24.kg

Ички иштер министрлиги Орусияга интернетте таркаган зордуктоо видеосу боюнча расмий кат жолдоду. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
 
Маалыматка караганда, видеонун чоо-жайын тактоого жардамдашуу суралды.
 
Эскерте кетсек, 24-январда социалдык тармакта эркек кишинин өспүрүм баланы зордуктап жаткан видеосу тарады. Видео баняда тартылган. Видеонун биринчи бөлүгүндө кылмышкер казак тилинде сүйлөп жатканы угулат. Жабырлануусу «койчу братан» деп гана кайталайт.