Абдил Сегизбаевге каршы кылмыш иши козголду

16:42, 22 января 2021, Бишкек - 24.kg

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевге каршы кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, кылмыш иши жерди мыйзамсыз трансформациялоого байланыштуу. Ишти Аскердик прокуратура тергейт.

Абдил Сегизбаев мурдакы президент Аскар Акаевдин пресс-катчысы, Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси жана УКМКнын төрагасы болуп иштеген.

Ал акыркы президенттик шайлоого катышып, шайлоодон кийин өзүн Садыр Жапаровдун оппозиция деп жарыялаган.