USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

Мэрия: Маршурттук таксилер жол кирени 20 сомго чейин көбөйтүүнү талап кылууда

15:38, 22 января 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаардык мэриясы 22-январда маршруттук таксилерди тейлеген жеке фирмалардын жетекчилери менен жолугуп, акырындык менен жол кире акысын көтөрүү маселесин талкуулашты.

Маалыматка караганда, жеке фирмалар тарифти 19-20 сомго көбөйтүүнү талап кылышууда.

Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруттук таксилердин акысын 15 сомго, автобус жана троллейбустардын тарифин 10 сомго көбөйтүүнү сунуштаган. Пенсионерлер жана мектеп окуучулары 8 сомдон төлөйт.

Бул арада шаардык транспорт системасын реформалоо үчүн мэриянын алдында транспорттук саясат боюнча кеңеш түзүүгө тапшырма берилди.

Өткөн аптада Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары тарифти көтөрүү талабы менен акцияга чыгышкан. Эгерде ал талап аткарылбаса, иш таштай турганын билдиришкен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика