Инаугурацияга даярдык. Чүй жана Манас проспектилери жабылды

15:31, 21 января 2021, Бишкек - 24.kg

Чыңгыз Айтматов жана манас проспектилери, ошондой эле Чүй проспектисинин бир бөлүгү инаугурацияга даярдык көрүү максатында убактылуу жабылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жол кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кортеж мамлекеттик резиденциядан чыгып, Манас проспектиси менен филармонияга чейин барып, «Ак үйдү» көздөй бет алды.

«Инаугурацияга чейин жогоруда аталган көчөлөр дагы эки-үч күн жабылып турат», — дешти мекеменин басма сөз кызматында.