Президенттин инаугурациясына 10 миллион сом сарпташат. Бул маалыматты 24.kg агенттигине президенттин маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов тастыктады.
Айтымында, бюджетке бул иш-чарага 15 миллион сом салынган. Кийин аны 10 миллионго кыскартышты. Бул каражат президенттин кызматына киришүү аземин даярдоого жумшашат.
Инаугурацияга чет өлкөлүк президенттер чакырылган жок. Иш-чарага катышуучулардын 70 пайызы карапайым шайлоочулар болмокчу.
Эске салсак, инаугурация 28-январда филармонияда өтөт.