Президенттин инаугурациясына 10 миллион сом сарпташат

15:24, 21 января 2021, Бишкек - 24.kg

Президенттин инаугурациясына 10 миллион сом сарпташат. Бул маалыматты 24.kg агенттигине президенттин маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов тастыктады.

Айтымында, бюджетке бул иш-чарага 15 миллион сом салынган. Кийин аны 10 миллионго кыскартышты. Бул каражат президенттин кызматына киришүү аземин даярдоого жумшашат.

Инаугурацияга чет өлкөлүк президенттер чакырылган жок. Иш-чарага катышуучулардын 70 пайызы карапайым шайлоочулар болмокчу.

Эске салсак, инаугурация 28-январда филармонияда өтөт.