Кыргызстанда эркектер аялдардан 1,3 эсеге көп айлык алышат

17:45, 20 января 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда жумуш орун менен камсыз болгон аялдарга караганда эркектер басымдууу. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Алардын маалыматында, 2019-жылы эркектердин жумушка орношуу деңгээли 72 пайызды түзсө, аялдардыкы — 43 пайыз болду.

20-34 жаштагылардын арасында иш менен камсыз болгон эркектер көбүрөөк. «Ушул курактагы аялдар көбүнчө баланын төрөлүшүнө байланыштуу жумуштан кетишет», — деп белгилейт Статком.

Иштеген аялдар 40-54 жаш курагында эркектердин санын кууп жетет.

Аялдар кызмат көрсөтүү секторунда, ишмердиктин кыймылсыз мүлк менен операциялар (94%), саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө кызматтар (81%), билим берүү (79%) тармагында басымдуу.

Курулушта (98%), тоо-кен казып алууда (97%), жүктөрдү ташуу жана сактоодо (96%), электр энергиясы, газ жана буу менен камсыз кылууда (берүү) (85%) эркектер көбүрөөк иштейт.

2019-жылы эркектердин орточо эмгек акысы 18 миң 724 сомду түзсө, аялдар — 14 миң 421 сом алышкан.