17:45, 20 января 2021, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда жумуш орун менен камсыз болгон аялдарга караганда эркектер басымдууу. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.
Алардын маалыматында, 2019-жылы эркектердин жумушка орношуу деңгээли 72 пайызды түзсө, аялдардыкы — 43 пайыз болду.
20-34 жаштагылардын арасында иш менен камсыз болгон эркектер көбүрөөк. «Ушул курактагы аялдар көбүнчө баланын төрөлүшүнө байланыштуу жумуштан кетишет», — деп белгилейт Статком.
Иштеген аялдар 40-54 жаш курагында эркектердин санын кууп жетет.
Аялдар кызмат көрсөтүү секторунда, ишмердиктин кыймылсыз мүлк менен операциялар (94%), саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө кызматтар (81%), билим берүү (79%) тармагында басымдуу.
2019-жылы эркектердин орточо эмгек акысы 18 миң 724 сомду түзсө, аялдар — 14 миң 421 сом алышкан.