USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Журналист Болотбек Жумабаев «Алхимик» романын кыргызча которду

17:32, 20 января 2021, Бишкек - 24.kg

Бразилиялык жазуучу Пауло Коэльонун белгилүү «Алхимик» романы кыргыз тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу маалымат жыйында аталган анын автору журналист Болотбек Жумабаев билдирди.

Китепти которууга бир жыл убакыт коротту.

«Кыргызстандын туусунун авторлорунун бири, сүрөтчү Бек Жайчыбеков китепти жасалгалады. Кыргызча которгон чыгармам китеп дүкөндөрүнө таратылат. Ал эми аймактарга бекер берилет», — дейт Болот Жумабаев.

Болотбек Жумабаев буга чейин белорустун залкар жазуучусу Василь Быковдун согуш темасына арналган айтылуу «Туманда» повестин, орустун жазуучусу Василий Песковдун «Согуш жана адамдар» сериясын кыргызчалаган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика