15:36
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Токтогул районунун 40 жаштагы тургуну төрөттөн кийин каза болду

Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө айылынын 1978-жылы туулган тургуну төрөттөн кийин каза болду. Бул тууралуу шаардык Ички иштер башкармалыгы билдирет.

Маалыматка караганда, милицияга арыз менен келиндин күйөөсү кайрылган. Ал Кара-Көл шаарынын ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн даарыгерлери аялына туура эмес кан куюп, дарылаганын белгилейт.

Келин операция жолу менен төрөп, абалы начарлагандан кийин Бишкекке которулуп, Улуттук хирургия бөлүмүндө каза табат.

Аталган иш боюнча Кара-Көл шаардык оорукананын тийиштүү кызматкерлери суралып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар