Араванда эркек киши иске ууланып каза болду

09:59, 20 января 2021, Бишкек - 24.kg

Араван районундагы Төлөйкөн айылында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, үйдүн 20 чарчы метр бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн.

«Өрттүн кесепетинен 1983-жылы туулган эркек киши иске ууланып, каза болгон. Өрттүн себеби такталууда», — деп жазылат билдирүүдө