USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Түркмөнстан Борбор Азияда алгачкылардан болуп «Спутник V» вакцинасын каттады

09:44, 20 января 2021, Бишкек - 24.kg

Түркмөнстандын Саламаттык сактоо министрлиги 18-январда Орусия өндүргөн «Спутник V» вакцинасын каттоого алып, тиешелүү сертификат тапшырды. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги менен Орусиянын Түз инвестициялар фонду кабарлады.

Маалыматка караганда, вакцина Түркмөнстанда кошумча клиникалык сыноолорсуз эле чукул колдонуу үчүн жактырылды.

Буга чейин «Спутник V» вакцинасы Алжирде, Аргентинада, Боливияда, Сербияда, Палестинада, Венесуэлада жана Парагвайда чукул колдонуу үчүн каттоого алынган.

Түркмөнстан — COVID-19 өз аймагында бар экенин четке каккан БУУнун жападан-жалгыз мүчөсү.

Былтыр августта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өлкөдө пневмониядан каза болгондор көбөйгөнүнө тынчсыздануусун билдирип, расмий Ашхабадга коронавирусту аныктачу тестирлөөнү өткөрүүнү сунуш кылган.

Буга чейин Түркмөнстандын бийлиги башка себептерди шылтоо кылып, жарандар үчүн бир катар чектөөлөрдү, анын ичинде беткап режимин киргизген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика