COVID-19. Эпидемиологиялык кырдаал чыңалган бойдон калууда

12:41, 19 января 2021, Бишкек - 24.kg

Бүгүнкү күндө эпидемиологиялык абалда чыңалуу дагы деле байкалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Айтымында, эпидемилогиялык байкоо жүргүзүп, вирус жугузгандар менен байланышта болгон адамдарды издеп таап, изоляцияга отургузуп, үй шартында медициналык көзөмөлгө алып жатышат.

«Мындан улам, беткап режими, социалдык аралыкты сактоо жана башка санитардык эрежелер актуалдуу бойдон калууда», — деди Үсөнбаев.