Нарын облусунда төрт жаран үч кап таш менен кармалды. Бул тууралуу аймактагы Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, алар Солтон-Сары жайлоосундагы Көл-Төр кениндеги үч кап алтын аралаш таштарды уурдап чыгышкан.
Кылмышка шектүүлөр 21-23 жаштагы Нарын районунун Эмгекчил айылыгын тургундары.
Факт катталып, териштирүү иштери башталды.