Солтон-Сарыдан үч кап алтын аралаш кенди уурдап кетип бара жаткандар кармалды

13:49, 18 января 2021, Бишкек - 24.kg

Нарын облусунда төрт жаран үч кап таш менен кармалды. Бул тууралуу аймактагы Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар Солтон-Сары жайлоосундагы Көл-Төр кениндеги үч кап алтын аралаш таштарды уурдап чыгышкан.

Кылмышка шектүүлөр 21-23 жаштагы Нарын районунун Эмгекчил айылыгын тургундары.

Факт катталып, териштирүү иштери башталды.