Тажикстан менен Өзбекстан аба каттамдарын калыбына келтирди

17:44, 15 января 2021, Бишкек - 24.kg

Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы ырааттуу аба каттамдары калыбына келтирилди. Бул тууралуу 15-январда Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинин директору Икром Субхонзода билдирди.

Душанбе менен Ташкенттин ортосундагы аба каттамдарын «Сомон Эйр» менен «Өзбекстан аба жолдору» авиакомпаниялары шаршемби жана жума күндөрү уюштурушат.

Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы аба каттамдары былтыр март айынын ортосунда коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу токтотулган.