10:23, 15 января 2021, Бишкек - 24.kg
Алайкуу өрөөнүндө калыңдыгы 1 метр болгон кар жаады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Ой-Тал айыл өкмөтүндө кардын калыңдыгы 1 метр, Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагында 70-80 сантиметр жааган.
Мындан улам, Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 42-чакырымынан (Чаар-Арча чеги) 93-чакырымга чейинки (Кыргый чеги) аралыгы убактылуу жабылды. Аны ачуу үчүн 6 техника иштеп жатат.
Жолдун оор болгонуна байланыштуу аталган жолдо кечки саат 18:00дөн тартып эртең мененки саат 08:00гө чейин чектөө да киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүүчү кооптуу участкалар Ичке-Суу айылынан (52-чакырымынан) тартып, Ой-Тал айылына (92-чакырымына) чейин экендигин эскертет.