COVID-19. Бир суткада 134 кишиден вирус аныкталып, үчөө каза тапты

08:51, 15 января 2021, Бишкек - 24.kg

Бир суткада 134 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 46, Ош шаары -3, Чүй облусу — 45, Ош облусу — 12, Нарын облусу — 2, Ысык-Көл облусу - 15, Жалал-Абад облусу — 8, Баткен облусу — 3 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек, Ош жана Чүй облустарында бирден бейтап каза болгонду.

Март айынан бери 82 миң 857 киши вируска чалдыгын, 1 миң 381 бейтап көз жумду.