15:23, 14 января 2021, Бишкек - 24.kg
2020-жылы жашоо минимумунун көлөмү республика боюнча 5 миң 358сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.
Алардын билдирүүсүндө, жашоо минимуму өткөн жылга салыштырганда 11,5 пайызга өстү.
Белгилей кетсек, жашоо миниму — бул адамдын организминин толук иштешине керектүү болгон азык-түлүк жана негизги социалдык жана маданий керектөөсүн канааттандырууга зарыл товар жана кызматтардын наркы.