15:25, 14 января 2021, Бишкек - 24.kg
Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жүрөгүнө жана омурткасына операция жасатуу керек. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдиргенин 24.kg агентттигине өзү билдирди.
Жактоочунун айтымында, омурткасындагы оорудан улам мурунку президент көп убакытка отура албай жатат. Эки операцияны тең чет өлкөдөн жасатуу зарыл. Мындан улам бүгүн кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча соттук териштирүүдө актоочу тарап Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранат. Бул иштин алкагында мурунку президент бир жарым жылдан бери камакта кармалып турат.
«Алмазбек Атамбаевге ачылган башка кылмыш иштер боюнча аны камакта кармоо бөгөт чарасы тандалган эмес. Кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, адамды бир жылдан ашык камакка алууга болбойт. Буга өзгөчө учурларда гана уруксат берилет, биздин иште мындай жагдай жок. Соттордун айынан жана алар жумушун начар аткарганынан улам бул ишти кароо 2020-жылдын августунан бери чоюлуп келе жатат. Абакта Атамбаевдин абалы начарлабаса, жакшырган жок», — деди жактоочу.
Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаевге карата бир нече кылмыш иши ачылган, алардын арасында кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, Кой-Таш окуясы, коррупция фактысы боюнча ачылгандар бар.