09:27, 14 января 2021, Бишкек - 24.kg
Президенттикке талапкер Курсан Асановдун жубайы УКМКда сурак берип жатканда эс-учун жоготуп, реанимацияга жаткырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Таалайгүл Токтакунова билдирди.
Айтымында, Асановдун жубайын 11-январь, дүйшөмбүдө суракка чакырышкан. Улуттук коопсуздук комитетинде аны жактоочусу жок, 2 сааттан ашык суракка алышкан. Ал жерден Кулнара Үсөнканова эс-учун жоготуп, шашылыш түрдө ооруканага жеткиришкен. Анын эки күндөн бери жандандыруу бөлүмүндө «мээсине кан куюлду» деген диагноз менен жатат.
Эскерте кетсек, мурдараак УКМК Асановдун жубайына карата ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы менен сотко чейинки өндүрүш баштаганы белгилүү болгон. УКМКнын маалыматына караганда, 2017-2018-жылдары ал А.О. аттуу жарандан чогуу бизнес кылуу үчүн $5 миллион алып, аны бербей аткан.