Кыргызстанда акыркы айда 20 миңге жакын жаран ID паспорт алса, анын жарымынан көбү улутун көрсөтүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 15-декабрдан тарта 19 миң 451 улуттук паспорт даярдалган. Анын 10 миңи 153 улутун көрсөттү.
Белгилей кетсек, жарандын каалоосу боюнча 2017-жылдын үлгүсүндөгү ID-картада «улуту» деген графа көрсөтүлөт.