Бир айда он миң кыргыз жараны паспортуна улутун көрсөттү

16:27, 13 января 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда акыркы айда 20 миңге жакын жаран ID паспорт алса, анын жарымынан көбү улутун көрсөтүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 15-декабрдан тарта 19 миң 451 улуттук паспорт даярдалган. Анын 10 миңи 153 улутун көрсөттү.

Белгилей кетсек, жарандын каалоосу боюнча 2017-жылдын үлгүсүндөгү ID-картада «улуту» деген графа көрсөтүлөт.