COVID-19. Бир суткада 92 кишиден вирус аныкталып, бирөө каза тапты

08:51, 13 января 2021, Бишкек - 24.kg

Бир суткада 92 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 51, Ош шаары — 9, Чүй облусу — 10, Ош облусу — 5, Нарын облусу — 3, Ысык-Көл облусу — 3, Жалал-Абад облусу — 10, Баткен облусу — 1 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкекте бир бейтап каза болгонду.

Март айынан бери 82 миң 587 киши вируска чалдыгын, 1 миң 375 бейтап көз жумду.