Абдил Сегизбаевдин штабынын медиа менеджери Нурзада Токтогулова ГКНБга чакырылды

17:20, 12 января 2021, Бишкек - 24.kg

Абдил Сегизбаевдин штабынын медиа менеджери Нурзада Токтогулова ГКНБга чакырылды. Бул тууралуу ал өзү маалымдады.

«Мени суракка чакырышты. Жакшы, мындан эмне чыгарын көрөбүз», — деп жазды Нурзада Токтогулова.

УКМКнын мурдакы төрагасы Абдил Сегизбаев шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместигин айтып, өзүн Садыр Жапаровго оппозиция катары сунуштаган.