Мыктыбек Арстанбеков жаңы партия түзөт

11:31, 12 января 2021, Бишкек - 24.kg

Мыктыбек Арстанбеков жаңы партия түзөт. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Президенттикке талапкер шайлоонун жыйынтыгы менен макул. Анын айтымында, Кыргызстандын тарыхында шайлоолор биринчи жолу мыйзамдуу жана ачык-айкын өттү.

«Үгүт учурунда биз 120 миң сом коротуп, төртүнчү орунга жеттик. Биз элге үнүңдү жеткирүү үчүн көп акча коротуунун зарылдыгы жоктугун далилдедик», — дейт ал.

Мыктыбек Арстанбеков чукул арада жаңы саясый партия түзмөкчү.

«Январдын аягына чейин курултай өткөрүп, платформа, уставды иштеп чыгып, элге сунуштайбыз», — деди ал.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы боюнча Мыктыбек Арстанбеков төртүнчү орунда турат.