02:43
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Шопоков шаарында төрт адам түтүнгө ууланып, 8 адам эвакуацияланган

Сокулук районунун Шопоков шаарында турак үйдөн өрт чыгып, батирдин 10 чарчы метр бөлмөсү күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 4 адам, алардын ичинде эки өспүрүм кыз түтүнгө ууланып, райондук ооруканага жеткирилген жана 8 адам эвакуацияланган.

Өрттүн себеби такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар