Садыр Жапаров шайлоого жарандардын аз катышышы боюнча оюн билдирди

17:18, 11 января 2021, Бишкек - 24.kg

Ички жана тышкы миграциядан улам президенттик шайлоодо жарандардын көпчүлүгү добуш бере алган жок. Бул тууралуу Садыр Жапаров Ала-Тоо аянтында тарапташтары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, президенттик шайлоодо форма № 2 жокко чыгарылгандыгына байланыштуу көпчүлүк добуш бере алган жок.

«40 пайыз шайлоочу катышты, аз катышты деген сөздөр болду, эл аралык уюмдар дагы белгиледи. Бизде 2 миллионго жакын элибиз сыртта мигрант болуп жүрөт. Айылдан районцентрге, Сары-Өзөн Чүйгө келип жашап жаткандар бар. Алар каттоосу айылда болгондуктан добуш бере алышкан жок. 40 пайыз эмес, 100 пайыз катышты. Анын 80 пайызы бизге добуш берди десек болот», — деди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, форма № 2 өлкө ичинде жокко чыгарылып, чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар үчүн сакталган.