УКМК депутат Исхак Пирматовго каршы кылмыш ишин жандантты

14:52, 11 января 2021, Бишкек - 24.kg

УКМК депутат Исхак Пирматовго каршы кылмыш ишин жандантты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдирди.

Маалымат болгондой, мурдакы кылмыш иши 2020-жылдын октябрь айында кайра тергеле баштаган.

Исхак Пирматовго карата иш «Кыргызнефтегаз» ишканасына байланыштуу, кызматына кыянаттык фактасы менен козголду. Депутаттын жетекчилигинде мамлекетке 100 миллион сом зыян келтирилгени айтылат.

Кылмыш иши 2012-жылы козголуп, 2014-жылы токтотулган.

Исхак Пирматов 2015-жылы «Бир-Бол» партиясынан депутат болуп шайланган.