Президенттик шайлоо. Садыр Жапаров алдыга озуп чыкты

20:51, 10 января 2021, Бишкек - 24.kg

Президенттик шайлоодо берилген добуштарды электрондук системанын жардамы менен саноонун жыйынтыгында Садыр Жапаров алдыга озуп чыкты.

Саат 20.15те добуштардын 60,52 пайызы эсептелип, Жапаровго элдин 81 пайыздан ашыгы добуш бергени аныкталды.

Бүгүн өлкө боюнча 2 миң 474, ал эми чет мамлекеттерде 48 шайлоо участкасы ачылган. Саат 20.00дө алардын бардыгы жабылды. Жалпы жонунан 3 миллион 563 миң 574 кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ болгон.

Мамлекет башчылыкка жалпысынан 17 талапкер ат салышты.