Бишкекте мыйзамдуулук үчүн жөө жүрүш өттү

14:01, 10 января 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкекте мыйзамдуулук үчүн жөө жүрүш өттү. Ага катышкандар Конституцияны өзгөртүүгө каршы ойлорун айтышууда.

Акциянын катышуучулары Темир жол бекетинин жанына чогулуп, Эркиндик бульвары менен борбордук «Ала-Тоо» аянтына келишти. Чогулгандар колдоруна «Кеч эмес, добуш бер!» деген лозунгдарды көтөрүп алышкан.