22:26
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Президенттик шайлоо. Кайсы талапкердин аялына иш козголгону маалым болду

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети алдамчылыкка шек санап жаткан аял президенттикке талапкер Курсан Асановдун жубайы экени белгилүү болду.

Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова Күлнара Үсөнканованы шектүү деп атоо туура эмес экенин билдирди.

Адвокаттын айтымында, Кой-Таш окуясынан бери Курсан Асановдун жубайы укук коргоо органдарына көп жолу чакырылып, ага карата ар кандай айыптарды тагуу аракеттери болду. Талапкердин баласы да атасынын ишмердиги үчүн жапа чегип жатат.

УКМК 7-январда президенттикке талапкерлердин биринин жубайына карата сотко чейинки териштирүү иши башталганын жарыялаган. Анда шектүүнүн аты-жөнү жана кайсы талапкердин жубайы экени ачык жазылган эмес.

Жазык кодексинин 204-беренесинин негизинде А.О деген жарандын арызынын негизинде У.К инициалындагы кыргызстандыкка карата сотко чейинки териштирүү иши башталып, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганы белгиленген. Ал ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн шек саналганы, 2017-2018-жылдарда арыз жазган чет элдик ишкерден жалпы бизнес жүргүзүш үчүн 5 миллиондон ашык доллар алып, аны кайтарбай жатканы жазылган. Атайын кызматтын маалыматына караганда, иш прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Талапкер Курсан Асанов жана анын үй-бүлөсү УКМКнын маалыматына комментарий бере элек. Асанов 6-январда КТРКда өткөн дебатта өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн укуктары бузулуп жатканын айтып чыккан. Ал кеп төркүнү кайсы иш боюнча экенин тактаган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби