COVID-19. Бир суткада 170 кишиден вирус аныкталып, экөө каза тапты

10:33, 07 января 2021, Бишкек - 24.kg

Бир суткада 170 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 54, Ош шаарында — 8, Чүй облусу — 49, Ош облусу — 16, Талас облусу — 3, Ысык-Көл облусу — 20, Жалал-Абад облусу — 10 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкекте эки бейтап каза болгонду.

Март айынан бери 81 миң 826 киши вируска чалдыгын, 1 миң 363 бейтап көз жумду.