Ошто 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

09:57, 06 января 2021, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, 5-январда саат 17:33тө Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Орказган, Ак-Терек, Ничке-Сай, Зергер, Саламалик, Эркин-Тоо айылдарында 2.5 баллга чейин сезилди.