Экономикалык мунапыс боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

18:05, 05 января 2021, Бишкек - 24.kg

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов «Экономикалык амнистия маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам 2020-жылдын 23-декабрында Жогорку Кеңеште кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.