Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө кеңири тараган насвай калктын ден соолугуна жана экономикага олуттуу зыян келтирүүдө деп эсептейт.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Өзбекстанда 13-15 жаштагы өспүрүмдөр арасында насвай тартуу деңгээли өтө жогору — 6 пайыз. Бул көрсөткүч Кыргызстанда — 5,1 пайыз, Тажикстанда — 1,8 пайыз, Казакстанда — 0,6 пайыз, Түркмөнстанда — 0,2 пайызды түзөт.
Насвайды негизинен Борбор Азия өлкөлөрүнүн жашоочулары тартат. Кишилер аны үй шартында өндүрүшөт.