16:59, 04 января 2021, Бишкек - 24.kg
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.
Аталган мыйзамга ылайык, 2021-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 172 891,6 млн сом суммасында жана чыгашалар боюнча 181 354,8 млн сом суммасында бекитилди. 2020-жылга республика бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 8 463,2 млн сом суммасында белгиленди.