8-январдан баштап милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипке өткөрүлөт

12:37, 04 января 2021, Бишкек - 24.kg

8-январдан баштап милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипке өткөрүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, шайлоо учурунда 11 миңден ашуун кызматкерлер коомдук тартипти сактоого тартылат.

5 миңден ашуун милиция кызматкери шайлоо тилкелеринде күзөттө турат. 

Президенттик шайлоо жана референдум 10-январда өтөт.